Клиника Доктора Ратинова

Сын-пикирлер

Сын-пикирлер

Айгерим

@aygerim_26

Андрей Сергеевич, Сиз мен үчүн эң мыкты дарыгерсиз. Бир курста мен  дарылоого чейинки жана андан кийинки абалымда чон айырманы сездим. Мен билем жана ишенем, бул оорудан Сиз жана Сиздин командаңыздын жардамы менен кутулам. Учурда дарылануунун экинчи курсу келди,  андан кийин мен резорбцияны баштан  өткөрбөгөн дагы бир оорулуу болом деп үмүттөнөм.

Чинара

@tschinaraiskakowa

Учурдан пайдаланып Андрей Сергеевичке, Азиз Мустафаевичке, Марина Федоровнага жана Татьяна Сергеевнага (регистратура) дарылануу учурунда алар менен жеке байланышта болуп,
 көрсөтүлгөн дарылоо үчүн терең ыраазычылыгымды билдиремин. Дарылоонун биринчи курсунда жаак муунунун оорушу бир кыйла азайган. Алар дагы эле мезгил-мезгили менен бар, бирок бул келечектин маселеси, мен сөзсүз түрдө мындан ары даарыланам. Бул клиникада бейтаптарга болгон жогорку кесипкөйлүктү жана кылдат мамилени баса белгилегим келет. Үч жыл оору мезгилинде  кимге гана кайрылган жокмун. Бир гана Ратиновдун клиникасы ооруган муунумду дарылоо үчүн макулдугун алган. Албетте, оорумдун дароо жок боло турганына атайын бир сыйкырдуу даары жок. Чыдамдуулук, туруктуулук жана оң натыйжа болго тургандай ниет кылышыңыз керек. Бул клиниканын дарыгерлери ар бир бейтаптын азабын жеңилдетүү жана алардын жашоосун физикалык мааниде ыңгайлуу кылуу үчүн бардык күчүн жана билимин жумшашат. Мен жогорку деңгээлдеги адистер менен таанышуу  бактысына ээ болдум жана мен барган бардык дарыгерлер мага айыккыс, деп айткан көйгөйүмдү оңдоого үмүт алдым. Мүмкүн эмес нерсе жок, Мен муну Ратиновдун клиникасынан көрдүм!  Калпагымды чечип, таазим кыламын. ЧОҢ РАХМАТ! Сизге ден-соолук жана мындан аркы ийгиликтерди каалаймын!

Адинай

@k_adinaika.s

Азиз Мустафаевичке рахмат, абдан жакшы жардам берди. Өз тармагындагы мыкты адистердин бири. Байкоочу, эң негизгиси компетенттүү. Ал эми кызматкерлерге болсо өзүнчө ыраазычылык билдиребиз.

Мухабат

@muhabat88815

Клиникадагы дарыгерлер жалпысынан супер жана кесипкөй мамиле кылышат. Мен аларга абдан ыраазымын жана аларга кайрылганыма өкүнбөйм!

Екатерина

@katya_temirova

Андрей Сергеевичке чоң рахмат. Себеби, ошол кишинин аркасынан мен коркунучтуу оорусуз эле баса алам.

Бакуля

@b.kirdibaeva

Саламатсыздарбы, мен комплекстүү дарылоо алганмын, менде чурку (грыжа) эки жерде бар жана бул оору бутка берилген. Азыркы учурда менин абалым өтө жакшы, эч кандай оору жок. Ийне терапиясы, магнит, сокку, плазма, деги эле мага баары жакты. Сиздин жамаатка чоң рахмат!

Джамал

@medici___

Мен Сардор Камаловдун жеке кабыл алуусунда болгонмун. Абдан сүйкүмдүү, өзүнө жайгаштырат. Мени кунт коюп угуп, бардык майда-чүйдөсүнө чейин текшерип жана түшүндүрүп берген.  Менин окуямда эмне кылуу керек экенин түшүндүрү, чынында эле мага жардам берди.  Дарыгерге кеңеш бергени үчүн чоң рахмат.

Асель

@asel_lmanbekova

Мен Сакеев Азамат Айытбековичтин биринчи кабыл алуусунда болдум. Абдан кубанычтамын, мени кунт коюп угуп, бардык майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп, буттарымды толугу менен текшерип, жада калса ооруган жерлерди баскылап текшерген. Билесизби, мен жеңилдеп калдым, 500 метр баргандан кийин деле ооруган жок. Бул таң калыштуу нерсе, буга чейин чыдагыс оору менен 100 метр  да баса алчу эмес элем. Мен бул адисти абдан сунуштайм, абдан компетенттүү. Дарыланууга сөзсүз келемин жана басып кетемин, деген үмүт бар.

Динара

@dinara_maratbek_kyzy

Мен Тимофейден укалоо менен дарылангамын. Өз ишин билген мыкты адис. Моюн менен белим ооруганына байланыштуу кайрылганмын. Терең булчуңдарды иштетип баштаган соң оору кете баштады. Курстун аякташы менен  кыймылдын жеңилдиги жана эркиндиги сезилди. Чоң рахмат. Мен Сиздерди баарына сунуштаймын

Оксана

@ox_xo_xo

Мен далыма жана моюн жакама Тимофейге укалоого барганмын. Мыкты техника, алтын колдор! Укалоо менен дарылоо эч качан мынчалык эффективдүү жана жагымдуу болгон эмес. Триггердик чекиттер сезилди, бирок укалоочу адист туура техникасын колдонгон үчүн оору тез басылды. Сеанс үчүн рахмат, бүтүндөй курска жазылганмын жана сунуштаймын!

Аскар

@_rkmnv_as_

Айбек Темирбекович абдан жакшы дарыгер, менин бел оору көйгөйүмө жардам берди. Сизге чоң рахмат!

Оксана

@oksana_lashroom

Дарыгер Ратиновдун клиникасына чоң рахмат, өзүмдү сонун сезип жатам, оору өтүп кетти. Жөө басам, уктайм, ырахат менен иштейм. Бул жерге келип калганым кандай жакшы болду. Мен баарына кеңеш беремин, ал тургай, сунуштаймын, сизде омуртка же муундар менен байланышкан көйгөйлөр бар болсо, ар кимге барып олтурбай, андан көрө дарыгер Ратиновдун клиникасына барыңыздар.

Нариза

@narizasadyrova

Азиз Мустафаевичке чоң рахмат. Мыкты дарыгер. Анын колдору алтын. Кудайым ден-соолук берсин!

Айгерим

@aygerim_26

Мен Андрей Сергеевичке жеке жолугушууга каттоодон кийин бир ай өткөндөн кийин киргенмин, бирок тирүү кезектер дагы  бар. Менин белимде 2 чурку (грыжа) бар. Дарыланганга чейин ийиле албай, оор нерсе көтөрө албай, отурганда ооруп, кээде ошол оорудан ыйлап жиберчүмүн. Клиниканын кире беришинде башталгыч деңгээлде бахила кийе албай турган абалга келдим. Биринчи курстан кийин абал ушунчалык өзгөрдү. Мен эч кандай чектөөсүз ийилип, басам, отурам. Сезимдер сонун, клиниканын кызматкерлери абдан ынтымактуу. Ар бир адис өз ишин билет жана жакшы көрөт. Ал эми Андрей Сергеевич өзүнүн ишин билген профессионал. Андан көрө дарыланыңыздар. Мага жардам берди, мурункудай чуркап жүрөм. Ал эми дарылоого чейин мен мындай каштар менен кантип жашаймын, деген ой болгон. Сиздерге ийгилик!

Манзура

@manzurakarabalaeva

Дарыгер Азиз Мустафаевич — сезимтал, боорукер жана урматтуу мамилеси үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Мен катуу оору менен кайрылдым, мени кунт коюп угуп, текшерди. Жада калса, дарыгер менен сүйлөшкөндө да жеңилдедим. Толугу менен курстту  өттүм. Оорум кетти, жумушка чыктым, өзүмдү толук адамдай сеземин!! Бардык кыздар- боорукер, жайдары! Аллахым баарына ден-соолук берсин! Сиз абдан жакшы иш кылып жатасыз, сизге таазим!!! Сиздин кылган оор эмгегиңизде чоң ийгилик!!! Сиз бар болгонуңуз үчүн чоң рахмат!!!

Зухра

@zuhra.v

Ассаляму алейкум. Саламатсыздарбы. Өз ишин сүйгөн, боорукер, мыкты адис Азиз Мустафаевичке ыраазычылык билдиргим келет. Сиздерге ден- соолук, жашоонун бардык тармактарында бакубатчылык каалаймын. Аллах Сиздерди колдосун.

София

@sofiya.abakarova

Cаламатсызбы, бүгүн укалоочу адис Тимофей Дмитриевичтин жеке кабыл алуусунда болдум. Мага укалоо жакты, жагымдуу сезимдер болду.  Укалоодон кийин абалым оңолду. Өз ишин билген профессионал! Ратиновдун клиникасына жана Тимофей Дмитриевичке терең ыраазычылык билдирем!!! Мен дагы бир жол келемин!

Барчын

@kazakbaeva_b007

Дарыгер Сакеев Азамат менин тиземдин көйгөйү тууралуу жардам берди. Айыктырды, абдан ыраазымын!

Зарина

@zarinas2102

Сиз бар болгонуңуз үчүн чоң рахмат! Сонун дарыгерлер жана медайымдар тобу. Клиникаңызды өзүм үчүн ачканыма, дарыланганыма жана жашоодон ырахат алганыма, курч оорусуз өткөргөн күндөрдү өткөрбөй калганыма абдан кубанычтамын. Сиздин клиникага жана ар бириңиздерге чың ден-соолук.

Динара

@dinara_maratbek_kyzy

Хегай Марина Федоровна керемет медайым, сезимтал, боорукер жана сылык. Сиздин клиникада жалпысынан абдан жакшы кызматкерлер бар жана алар ар дайым жылуу маанайда жүрүшөт.

Гулсун

@gulsunarzykulova

Көңүлүн абдан кунт койгон, боорукер жана өз ишин билген профессионал. Өз кесибин сүйгөн — элге жакшылык кылганы байкалат. Билимдүү дарыгерден бейтаптардын ден-соолугу жана жашоосу көз каранды. Азиз Мустафаевич, Сизге ийгилик жана батамды беремин!

Гулипа

@tulenalieva

Чоң рахмат! Мен кабыл алуу үчүн жазылганмын, барганда мага баарын түшүндүрүп беришкен. Азыр мен ДТК,  көнүгүүлөрдү кылып, берилген баардык сунуштарды аткарып жана дары ичип жатамын. Ыраазычылык билдиремин!

Мээрим

@dr_meerima

Ийиндин, колдун жана баштын оорушу мени аябай тынчсыздандырды. Эки жылдан ашык убакыттан бери моюн омурткасынын остеохондрозу менен ооруп келемин. Мен жакшы врач-вертебролог, Ратинов Андрейди таптым. Дарыланууда биринчи күндөн тартып абалым жакшырды. Лазердик терапиядан өткөндөн кийин ийин жактагы оору азайган. Сеанска барганда мен өзүмдү мүмкүн болушунча ыңгайлуу сеземин, мунун баары жогорку квалификациялуу кадрлардын аркасында жатат. Сиздин эмгегиңиз үчүн жана алтын колдоруңуз үчүн чоң рахмат айткым келет. Баарыңарга ден-соолук.

Насиба

@shamshieva.nasiba

ШТТ процедурасы мага чындап эле жардам берди, омурткамдын оорушу акырындык менен кетип жатат, себеби мен көптөн бери кыйналып келгенмин. Азыркы учурда дарылоонун жаңы ыкмасы, жаңы технологиясы пайда болуптур. Жалпысынан Сиздерге рахмат!

Ирина

@_irina_d.93_

Тимофейде укалоодо болгонмун. Сеанс үчүн чоң рахмат, баары жакты, жакшы сезим болду жана кардарлар үчүн жакшы мамиле кылуусу. Эми сизге укалоо жасоого гана баруу керек. Сизге гүлдөп өнүгүү!

Валерия

@valeriya.8888

Бир курста 10жылдык азап бүттү. Акыркы 10жылда 12адис, анын ичинде остеопат жана Кытай, Кореядан келген дарыгерлерде дарыланганмын. Блокадалар, Инъекциялар… айына 2-3 жолу оорулардын күч алуусу,  эстегенде коркуп кетемин. ЧОҢ РАХМАТ!

Алина

@shamenova__18

Баарыңарга Андрей Сергеевичти сунуштаймын. Мен абалымды эстесем, жада калса отурууга, жатканга, басканга мүмкүн болгон эмес. Ал мени кайрадан бутума тургузду! Мен азыр кайрадан спорт менен машыгып, активдүү жашоо түрүндө жашап жатамын. Ал чындыгында өзүнү ишин эң жакшы билет! Бир процедуранын жыйынтыгын күтпөңүз, дагы күтө турсаңыз ал сөзсүз болот. Анын  бардык берген сунуштарын сөзсүз угуңуз.

Дмитрий

@azia_evrope

После лечения во многих МЦ всё было безрезультатно. В Инстаграме увидел рекламу, прочитал отзывы и т.д. Созвонился, пришёл на приём. Понравился грамотный подход специалистов, назначили лечение, прошёл курс. И мне помогло! Не мог пройти и 150м без отдыха из-за онемения ноги и боли в пояснице (грыжа 8мм). После первого курса я выпрямился, могу теперь бегать, правда немного ещё с отдыхом, нДарылоодон кийин көптөгөн МБдон натыйжа болгон жок. Инстаграмда рекламаны көрдүм, сын-пикирлерди окудум ж.б. Мен телефон менен байланышып, жеке жолугушууга келдим. Адистердин сабаттуу мамилеси жакты, дарыландым, курстан өттүм. Мага жардам берди! Буга чейин тыныгуу менен басып, 150м аралыкты баса албай, бутум шалдырап, белим ооруп калчу (8мм чурку (грыжа)). Биринчи курстан кийин мен түздөлдүм, азыр чуркай алам, бир аз эс алуу менен, бирок аз да болсо. Жалпы жамаатка чоң рахмат жана дарыгер Азизге өзүнчө ыраазычылык билдирем!о всё же. Спасибо огромное всему коллективу и врачу Азизу отдельная благодарность!

Каныкей

@blago57k

Гузел СУПЕР!!! Абдан сүйкүмдүү, мен чын жүрөгүмдөн сиздин ишиңер үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Сиз Кудай берген таланттуу алтын кол жана жүрөгү жылуу медиксиз. Медик болуу-бул сиздин шыгыңыз. Мындан сырткары, сиз сонун, жакшынакай, боорукер жана элге жардамыңызды аябаган адамсыз. Сиз өз ишиңизди жакшы билген мыкты адиссиз. Сиз ишенимдүү жана чечкиндүүсүз. Сизге ден-соолук, бакубатчылык жана асыл ишиңизге ийгилик каалаймын. Жана ыраазы болгон бейтаптарды гана каалаймын. Урматтоо менен Каныкей!

Каныкей

@blago57k

Эң сонун дарыгерлерге Азиз Мустафаевичке жана Яна Алексеевнага терең ыраазычылык билдиремин. Сиздин күч аракетиңизге, кесипкөйлүккө, боорукердике жана зор чеберчилик үчүн чоң рахмат. Ар дайым эл сыйлаган инсан, эң мыкты дарыгер жана өз бактыңыздын керемет жаратуучулары бойдон калууңузду жана ишиниздин жогорку милдеттин жогорку сапатта аткаруунузду чын жүрөктөн каалаймын. Урматым  менен, сиздин бейтабыңыз!

Учкун

@uchkun2018

Бул клиникага белдин ылдый жагындагы чыдагыс оору менен кайрылган элем. Дарыгер МРТ сканерлерин карап чыгып, омуртка аралык чурку диагнозун коюп, дарыланууну сунуш кылды. 3-сеанс өткөндөн кийин, оору толугу менен жок болду, бирок физиотерапияны жана плазматерапияны улантуудамын. Клиникада ар бир милдеттерге кесипкөй мамиле жасалат, медайымдардын бейтаптарга болгон мамилеси боорукердүү, мен сунуштаймын! Мени дарылаган дарыгер Азиз Мустафаевич.

Елена

@elena_kyznetcova_genievskaya

Тимофейдин укалоо сеансында болгомун. Чоң рахмат, баары абдан жакты, мен сунуштаймын! Кайра курска барууну пландаштыруудамын.

Гульзада

@gulzadatoktakunova

Кымбат, деп жазган адамдар жана баарыңыздар үчүн жандуу пикир. Бул клиниканы таба электе, биз бардык дарыгерлер менен бирге тозоктун бардык чөйрөлөрүн өттүк, ар бирөөсү атамды операцияга жиберген. Алардын дарылоосунан эч кандай пайда болгон жок. Силерден 3-ай дарыландык , дарылоонун экинчи жумасында натыйжасын көрдүк. Жакындарыңыздын жеңилдеп баратканын көргөндө-бул БАА ЖЕТКИС сезим! Адамдарга профессионалдын жардамы керек болсо, эгер алар чынында муктаж болсо — муну түшүнүү керек. Эгерде бизге шашылыш түрдө жардам керек болсо, кымбат же арзан табууну ойлобой калабыз. Жыйынтыгына караш керек. Андрей Сергеевичке жана клиниканын бардык адистерине чоң рахмат!

Жылдыз

@zhyldyz6704

Андрей Сергеевичтин ишине ийгилик, анын жардамына абдан муктаж адамдарга жардам беришин каалаймын. Клиникада абдан боорукер кызматкерлер бар, Азиз Мустафаевичке өзгөчө чоң рахмат, ал абдан абийирдүү дарыгер, өз ишин билген профессионал.

Марина

@morskaiamarisha

Андрей Сергеевич, билимиңиз жана жөндөмүңүз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Жада калса, көп ай бою жатып алып да аябай кыйналдым, нервдер чегинен ашты. Дарылоонун эң алгачкы этабында (2 процедура) жашоо мага “алдыга” бурулду. Мен күн сайын эртең менен азапсыз жашоодон ырахат алам. Сизге бекем ден-соолук жана таазим кыламын.

Сан

@sanlighte

Азаматсын Азамат Айтбекович, баарына кенеш беремин, эжелеримди да ал жакка алып барганмын. Яна Алексеевна-невропатолог-вертебролог, абдан кунт коюп угат жана өтө боорукер. Мындай клиника бар экенине абдан кубанычтамын, анда ушундай акылдуу жана мыкты дарыгерлер иштешет. Гүлдөп өсүңүздөр!

Өзүңүздүн байланыш номериңизди калтырыңыз, биз сизге чалабыз

Атыңызды териңиз

Байланыш номер*

Phone
Өзүңүздүн байланыш номериңизди калтырыңыз, биз сизге чалабыз

Атыңызды териңиз

Байланыш номер*

Phone
Чалууну заказ кылуу
Атыныз
Номериниз