Акупрессура
Релакс-укалоо (массаж):
- Физикалык жана нервдик чыңалуудан арылууга, оордукту жана чарчоону жоюуга, маанайды жакшыртууга жана энергияны толуктоого мүмкүндүк берет.
Моделдик укалоо (массаж):
- Сөлөкөттү (силуэт) оңдоого, булчуң жипчелерине ийкемдүүлүк берүүгө, теринин тартылышына жана ага сергек көрүнүш берүүгө жардам берет. Фигуранын артыкчылыктарын баса белгилөөгө жана көйгөйлүү аймактарды оңдоого жардам берет.
Антицеллюлиттик укалоо (массаж)
- Зат алмашууну жакшыртат, коллагендин жана эластиндин активдешүүсүнө алып келет, сууну организмден чыгарат жана ашыкча майды күйгүзөт. Теринин серпилгичтиги менен эластикасы калыбына келтирилип, булчуң тонусу жогорулайт.
Лимфодренаждык укалоо (массаж):
- Бул процедура денедеги лимфанын кыймылын тездетет, организмден ашыкча суюктукту чыгарууну активдештирет жана лимфа системасы табигый түрдө токтоп калган токсиндерден, бөлүнүү продуктуларынан тазаланат.
Белди, жака-моюн зонасын жана башка дененин бөлүктөрүн укалоо (массаж):
- Укалоо (массаж) булчуң ткандарындагы тыгындыгы кетирет, кысылууну жана оордукту алып салат, теринин дем алуусун жакшыртат, шишикти басат, спазмды жана ооруну жок кылат.